Кыргызстандагы жалгыз өнөр жайлык чеснок өндүрүүчүсү – “Аталык Групп”
"Аталык Групп" – Кыргыз Республикасында өнөр жай деңгээлинде чеснок өндүрүүгө адистешкен бирден-бир ишкана. Компания бул максатка жетүү үчүн жылдар бою чет өлкөлүк тажрыйбаны изилдеп, технологияларды өздөштүрүп, эл аралык көргөзмөлөргө катышып, сапаттуу үрөн жана жабдууларды тандап келген.
ЗАО “Аталык Групп” компаниясынын башкы директору Укубаев Туратбек Галияровичтин айтымында: “Бүгүн дүйнөдө эки түрдөгү чеснок керектелет. Биринчиси – Кытайдан чыккан арзан, бирок сапаты төмөн продукция. Экинчиси – кымбат, бирок сапаттуу Испаниянын чесногу. Испанияда бул өсүмдүктү өстүрүү көп кылымдардан бери өнүккөн жана кеңири таралган. Ошондуктан биз Испан тажрыйбасына басым жасадык, анткени Испания Европанын негизги чеснок өндүрүүчүсү болуп эсептелет.”
Чеснок өндүрүшүнүн менеджери Камчыбеков Нурбектин пикиринде, Кыргызстандын фермерлери ички рынокту камсыздап эле тим болбостон, продукцияны ЕАЭС өлкөлөрүнө экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө да ээ. “Ири, кооз, жыттуу чеснок – мунун баарын биздин жергиликтүү продукция да камсыздай алат. Андан тышкары, жалбыздын мекени Борбордук Азия болгондуктан, бизде кыргыздын жергиликтүү сорттору да бар. Биздин бийик тоолуу климат чеснок өстүрүүгө абдан ылайыктуу. Өндүрүш кандай гана технологиялаштырылбасын, өсүмдүктү өстүрүү жана жыйноо иштеринде кол эмгегинин ролу чоң. Чесноктун баасы жогору болгондуктан, бул тармактын келечеги кең. Азыркы учурда Кыргызстанда чеснок негизинен жеке чарбаларда, бир гектарга жетпеген аянттарда өстүрүлөт. Биз аларга үрөн отургузуу, өстүрүү, жыйноо жана иштетүү боюнча техникалык кызмат көрсөтүп, консультация берип жана эң башкысы – продукцияны сатууга жардам берип жатабыз. Бул үчүн Испаниядан атайын жабдуулар – отургузуучу жана жыйноочу техникалар, чеснокту иштетүүчү линиялар алынып келинген.”
Учурда Өзгөн районундагы “Аталык Өзгөн” филиалында чеснокту бөлүү жана сорттоо линиясы орнотулууда. Чеснок башын кылдаттык менен ажыратуу жана тиштерин иргөө сапаттуу үрөндүк материал алуу үчүн маанилүү. Сорттоо үч категория боюнча жүргүзүлөт – майда, орто жана ири. Майда тиштер кошумча тазаланып, тамак-аш өнөр жайында колдонуу үчүн таңгакталат, ал эми орто жана ири тиштер кайрадан отургузуу үчүн колдонулат.