Аталык Суусамыр
Заманбап элеватордун долбоордук кубаттуулугу 5000 тонна болуп, 25000 тоннага чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Суусамыр өрөөнүндөгү агросекторду өнүктүрүү максатында, 2013-жылы 180 га аянтта сапаттуу сыра арпасын өстүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилген. 2014-жылы башталган заманбап элеватордун курулушу 2016-жылы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Бул элеватор 5000 тонна арпаны кабыл алып, иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
«Элеватор Аталык Суусамыр» долбоорунун алкагында жергиликтүү дыйкандар сапаттуу үрөндөр менен камсыз болуп, 3000 гектардан ашык айдоо жерлери өздөштүрүлгөн.
Жайыл районунун Суусамыр айылында жайгашкан элеватор саатына 40 тоннага чейин данды кабыл алып, тазалап, кургатууга жөндөмдүү. Ал заманбап электрондук авто-таразалар менен жабдылган (Мамстандарттын сертификаты бар, 60 тоннага чейин жүк тартат) жана фотофиксация, электрондук жүк кагазын берүү функциялары менен камсыздалган. Ошондой эле, дандагы нымдуулукту, таштандылардын деңгээлин жана зыянкечтердин бар-жогун аныктоочу лабораториялык жабдуулар орнотулган.